• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров илимий чөйрөнүн ЖОЖдор менен интеграциясы зарылдыгын билдирди

Өкмөт 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жылдык жалпы жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чаранын жүрүшүндө Илимдер академиясынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды.

«Илимий чөйрөнүн өз ара тыгыз аракеттенүүсү жана алардын жогорку окуу жайлары менен интеграциясы зарыл. Мен мындай иштердин системалуу түрдө жүргүзүлүшүн каалайм жана Кыргыз Республикасында экономикалык саясатка илимий мамилени системалуу түрдө киргизүүгө окумуштуулардын жана мамлекеттик органдардын кеңири катышуусун талап кылам. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө стратегиялык мааниге ээ болгон бул тармак 70ке жакын илимий уюмдан турат, анын активинде 1500гө жакын илимдин доктору, 5500 илимдин кандидаты бар жана жыл сайын 700 млн сомго жакын суммада мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Жогорку окуу жайларынын 230 минден ашык студентинин потенциалы толук ачылбастан, экономикага начар тартылган. Ошол эле учурда билим берүүнү экспорттоо жакшы деңгээлге коюлган – бизде 83 миңден ашык чет элдик студенттер бар. Туруктуу өнүгүү кызыкчылыгы үчүн илимдин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, республикада илимди талап кылуучу тармактарды калыбына келтирүү боюнча иштер башталды. Бул жагдайда ал «эртеңки» экономикалык реалдуулук үчүн күчтүү кадрларды даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Жогорку илимий тармактар өлкөнүн экономикасын өстүрүүдө флагмандар болуп саналат. Энергетика жана машина куруу тармагын тез арада жандандыруу зарыл. Биз өлкө экономикасынын ыкчам өнүгүү темпин камсыздай турган илимий-техникалык базага негизделген татаал инновациялык инженердик буюмдарды кайрадан өндүрүп баштоону каалайбыз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий