• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Уктап коюп жатасыңар!". Транспорт министри Балыкчы – Барскоон – Каракол жолунун курулушун күтүүсүз текшерди

Аймак 0


Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Балыкчы – Барскоон – Каракол унаа жолунун курулушу кечеңдеп жатканына байланыштуу күтүүсүз барып, таң эрте текшерүүгө алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жолдун 71-чакырымынан 141,6-чакырымына чейинки аралыгын "Арек Строй" компаниясы куруп жатат. Министр таңкы саат 07:00дө жогоруда аталган тилкеге барганда жумушчулар жок болгон.

"Министр жолчулар ишти өз убагында бүтүрбөй жаткандыгына эл нааразы экендигин айтып, жол оңдоо иштери таң эрте эмес, кеч башталып жаткандыгын айтып нааразы болду. Убакытты туура колдонуу менен элдин ыңгайына карап жумуш жүргүзүүнү тапшырган министр, жетекчилерден иш ыргагын ыкчамдатууну талап кылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий