• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Көк бөрү боюнча I Дүйнө кубогу. Алгачкы эки күндүн жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында көк бөрү боюнча клубдар аралык I Дүйнө кубогу өтүп жатат.

Алгачкы эки күндөгү беттештердин жыйынтыгы боюнча турнирдик таблица:

1. Биринчи күн:

- "Алтай" (Россия) - "Екатеринбург" (Россия) - 5:0;

- "Жаштык" (Кыргызстан) - "Алтын Альянс" (Кыргызстан) - 3:2;

- "Ынтымак" (Кыргызстан) - "Сары-Өзөн" (Кыргызстан) - 5:1.

2. Экинчи күн:

- "Караганда" (Казакстан) - "Екатеринбург" (Россия) - 2:0;

- "Алтын Альянс" (Кыргызстан) - "Ийгилик" (Кыргызстан) - 5:4;

- "Достук" (Кыргызстан) - "Мурас" (Кыргызстан) - 7:4;

- "Красноярск" (Россия) - "Москва" (Россия) - 6:2;

- "Өзбекстан" (Өзбекстан) - "Алтай" (Россия) - 8:1.

Эскерте кетсек, көк бөрү боюнча эл аралык турнир 13-августта башталды. Анын ачылышына КР президенти Садыр Жапаров катышты.

Мелдештер 7 күнгө созулат, бардык беттештер Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтөт.

Жабылуу аземи жана жеңүүчүлөргө байглерди тапшыруу 20-августка пландалган.

Пикир

Оставить комментарий