• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары. Екатерина Руренко коло медаль утту

Спорт 0

Солигорск, 15.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын каратэ-до боюнча курама командасынын мүчөсү Екатерина Руренко Беларуста өткөн КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медаль утту.

Мелдештер Беларустун Могилев шаарында болуп өттү.

Спортчу +68 кг салмакта катышып, алгачкы беттешинде өзбекстандык спортчуну жеңген. Экинчи беттешинде азербайжандык спортчуну жеңген. Үчүнчү беттешинде россиялык спортчуга жеңилген.

Ал эми жарым финалда өзбекстандык спортчу менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан. Жыйынтыгында Екатерина Руренко коло медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, оюндарга жалпысынан Кыргызстандын каратэ-до боюнча курама командасынын 12 мүчөсү катышты.

Эскерте кетсек, 4-августтан 14-августка чейин Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары болуп өттү. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышты.

Аталган мелдештерде ошондой эле 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынады.

Пикир

Оставить комментарий