• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 32 га жерге зыяндуу курт-кумурскаларга каршы энтомофаг коё берилди

Коом 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда 32 гектар жерге зыяндуу курт-кумурскаларга каршы энтомофаг (курт-кумурскалар менен азыктануучу организм) кое берилди.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, энтомофаг кое берүүнүн максаты экологиялык таза органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүү менен органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү болуп саналат.

Белгиленгендей, Кыргызстанда Органикалык айыл чарба департаменти энтомофагдын 4 түрүн өндүрөт:

- амблисейус;
- трихограмма;
- габрабракон;
- алтынкөз.

Пикир

Оставить комментарий