• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына карата марафон өттү

Коом 0

Бишкек, 14.05.23./Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган марафон болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Жарыш «Адинай» жана «Ынтымак» парктарынын аймагында өтүп, ага Улуттук банктын, микрофинансылык уюмдардын кызматкерлери жана КР УБнын өнөктөштөрү болуп жалпы 750дөн ашык адам катышты.

Жарыштын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине грамоталарды жана эстелик белектерин тапшырды.

Иш-чаранын негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу жана финансы секторунун кызматкерлерин дене тарбия жана спортко активдүү тартуу саналат болуп саланат.


Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук валютасы – сомго 30 жыл толду. 1993-жылдын 10-майында республика КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп постсоветтик мейкиндикке өз валютасын киргизген.

Ушул жылдын 10-майында сомдун киргизилгендигинин 30 жылдыгына арнап Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сом номиналдарындагы бешинчи сериядагы банкноттордогу чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий