• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында орус тилин окутуу боюнча алгачкы борбор ачылды

Аймак 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы Орус үйүндө Роскызматташтыгынын өкүлчүлүгү алдында орус тилин окутуу боюнча окуу борбору ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ачылыш аземге Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров катышып, Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна орус тилин үйрөнүү жана Орусия менен Кыргызстандын маданияты менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маанилүү экенин билдирди.

Бардык керектүү жабдуулар менен камсыз болгон окуу борбору окуучулардын орус тили боюнча билимин тереңдетүүгө жардам берип, Орусиянын жогорку окуу жайларына бюджеттик орундарга өтүүгө өбөлгө түзөт.

Бүгүнкү күндө орус тилин окутуу борборлору Роскызматташтыктын колдоосу менен Кант, Нарын жана Талас шаарларында ачылып, иштеп жатат.

Орус тилин окутуу борбору К.Бобулов көчөсү 72 дарегинде жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий