• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жумгалда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короосун, ички чарбалык унаа жолду каптаган

Аймак 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Жумгалда сел жүрүп, турак үйлөрдүн короосун, ички чарбалык унаа жолду каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-июль күнү саат 22:30 чамасында Жумгал районунун Кабак айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел жүрүп, Сары-Булуң айылында 5 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолдорду каптаган. Табылгытты, Кызыл-Коргон айылдарында суу сел өтүүчү каналдан өткөн, турак үйлөргө зыян келген эмес.

Тазалоо иштерине 6 куткаруучу, 1 жүктөгүч тартылган.

12-июль күнү тартылган күчтөрдүн жардамында Арал-Миң-Куш унаа жолу тазаланган. Турак үйлөрдү тазалоо үй ээлерине милдеттендирилген.

Пикир

Оставить комментарий