• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткендеги жалпы ишембиликке 34 миң адам катышты

Аймак 0

Ош, 08.04.19 /Кабар/. Баткен облусунда 6-апрель күнү жалпы ишембилик өтүп, ага 34 миң 753 адам катышты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ишембиликтин алкагында 59 миң 280 көчөт отургузулган. Анын ичинен 41 миң 704 мөмө жемиш бактары, калган 17 миң 576сы ийне жалбырактуу бактар.

Ишембиликтин жыйынтыгында 4 миң 500 метр арык тазаланып, 3 миң тонна таштанды чыгарылган. Андан тышкары, көчөлөргө 14 чакырым 300 метр аралыкка жарыктар орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий