• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто “Бандит” иш-чарасынын жүрүшүндө жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен делген адам кармалды

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Өткөн жумада Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Бандит” аталышындагы ыкчам иш-чаралар өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын жүрүшүндө 11-март күнү Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаанын 33 жаштагы О.И., аттуу айдоочусу жөө жүргүнчүнү коюп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө шектүү, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Ош шаарынын 39 жаштагы Э.А., аттуу тургуну кармалган.

Мындан сырткары, Ички иштер министрлигинин ыкчам тизмесинде уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган сегиз жаран милиция бөлүмдөрүнө алып келинип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий