• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Май уурдагандардын кесепетинен 150 гө чукул үй электр жарыксыз калууда

Коом 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылынын Луговая көчөсүндөгү эки трансформатордук көмөкчордондордон 13-октябрга караган түнү белгисиз адамдар 490 кг трансформатордук майды куюп кеткен. Эртең менен трансформатордогу майдын агышын жана анын тактарын көргөн тургундар “Түндүк электр” ААКнын Жайыл райондук электр тармактарына билдиришкен. Иш ордуна келген электр куроочулардын оперативдүү чыгуу бригадасы тез арада трансформаторлорду өчүргөн, анткени майдын төмөн деңгээли жабдуунун бузулушуна алып келет. Бул жоопкерчиликсиз кадамдын кесепетинен 150 гө чукул үйлөрдүн электр жарыгы үзгүлтүкө учурады. Оңдоо-калыбына келтирүү иштерин эске албаганда, келтирилген зыяндын суммасы 35 миң сомго барабар.

"Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, трансформатордук майдын уурдалышын энергетиктер Жайыл РИИБке билдиришкен. Учурда адистер абоненттердин электр камсыздоосун калыбына келтирүү үчүн чараларды көрүүдө. Жайыл РЭТнин жетекчиси Айбек Токталиевдин айтуусунда бугүнкү күндүн аягына чейин электр куроочулар майды кайра толуктап куюшуп, абоненттерди электр жарыкка кошот.

Мындай фактылар биринчи жолу катталган жок. Быйылкы жылдын эле сентябрь айында Москва районунда 250 кг майы, ал эми 2016-жылы Кемин районунда 67 миң сомго 930 кг трансформатордун майы уурдалган.

Пикир

Оставить комментарий