• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нью-Йорктогу өрттөн жабыркагандардын арасында КР жарандары жок – КР ТИМ

Коом 0

Бишкек, 29.12.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. КРдин АКШ жана Канададагы элчилигинин алдын ала берген маалыматына ылайык, өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Эске сала кетсек, бир катар америкалык ЖМКлардын маалыматына ылайык, кечээ, 28-декабрда Нью-Йорк шаарынын Бронкс районундагы имараттын чыккан өрттөн кеминде 12 адам каза болуп, төртөө жабыркаган.

Акыркы маалыматтарга ылайык, өрт имараттын 25-кабатында кечки саат 7лер чамасында чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр үч мүнөттүн ичинде кырсык башталган жерге келишкен.

Пикир

Оставить комментарий