• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан БУУнун жардамы менен айлана-чөйрөнү коргоого багытталган эки долбоорду ишке ашырат

Коом 0

Бишкек, 04.12.18. / Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги БУУнун Өнүктүрүү программасы менен климаттык туруштукту көтөрүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырууну пландоодо.

Аталган мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдиргендей, долбоор Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаратылыш кырсыктарына туруштукту көтөрүүгө багытталган.

"Эмнеге өлкөбүздө жер көчкүлөрү болуп жатат? Себеби ал, жер кыртышынын жана жайыттардын кунарсызданышынан, малды туура эмес жайгандыктан болууда. Ошондуктан биз элге эмне кылуу керектиги тууралуу маалымат беришибиз керек. Бизде даректер түйүнү бар. Ал аркылуу Нарын, Ош облустарында климаттын өзгөрүшүнөн улам кандай натыйжалар бар экенин билебиз. Ал маалыматтар мекеменин сайтында жарыяланган", - дейт Рустамов.

Ошондой эле, БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму менен бирге токой жана жайыттардагы климаттык өзгөрүүнүн натыйжалары менен күрөшүү боюнча долбоордук сунуштаманы жүзөөгө ашыруу пландалууда. Бул иштерге Айыл-чарба министрлиги да тартылат.

"Долбоор 40 млн. долларга бааланып, эки долбоордун жалпы наркы 90 млн. долларды түзөт. Келерки жылдын жай айларында экинчи долбоор жактырылат деп ишенебиз. Кайталануу болбошу үчүн баардык өнөктөрдүн ишин бир тартипке келтирүү керек", - деди Рустамов.

Пикир

Оставить комментарий