• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

19-25-январь күндөрү аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында 25-январга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 19-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Нарын облусунда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда кээ бир райондордо, 21-22-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. 23-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-23-январларда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 24-25-январь күндөрү Кыргыстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий