• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө Hyundai унаасы кырсыкка кабылып, 41 жаштагы айдоочусу жабыркаган

Кырсык 0


Бишкек, 16.05.23. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Алма-Ата көчөсүндө Hyundai унаасы кырсыкка кабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 15-майда болжол менен саат 21:00дөр чамасында болгон. Кырсыктан 41 жаштагы айдоочунун буту унаага кыпчылып калган.

Окуя болгон жерге беш куткаруучу барып, айдоочуну унаадан чыгарып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий