• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто учтуу зат жутуп алган балага операция жасалып, ал аман калды

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Кечээ, 7-августта Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына учтуу зат жутуп алган 10 жаштагы бала түшкөн. Бул тууралуу оорукананын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала оң өпкөсүнөн жабыркап, канцелярдык мык бронхага сайылып калган. Дарыгерлер тарабынан оор абалдагы балага тезинен жардам көрсөтүлүп, бала аман калды.

Бөтөн затты алган оорукананын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кочкорбай уулу Семетей акыркы күндөрү ушундай абалда келген балдар көп катталып жатканын айтып, ата-энелерди балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө этият болууну суранды.

Пикир

Оставить комментарий