• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 18 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 2, Ош шаарында 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында турак үйдүн 230 чарчы метр чатыры жана 20 чарчы метр мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Октябрь айылында турак үйдөн өрт чыккан. Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында турак үйдүн 1 чарчы метр полу жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий