• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто 18 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. 11-июль күнү саат 15:30 чамасында Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы Найман суу сактагычына 2000-жылы туулган С. Б. чөгүп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ноокат райондук №104 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу, КР ӨКМнин республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 7 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн.

Издөө иштеринин натыйжасында 2018-жылдын 12-июль күнү саат 10:05те 18 жаштагы жигиттин жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий