• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Lexus жана BMW унаалары кагышып, эки киши жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Бишкектеги Садырбаев (мурдагы Баха) жана Шорсе көчөсүнүн кесилишинде Lexus жана BMW үлгүсүндөгү унаалары кагышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 21-апрелде болжол менен саат 09:20да катталган.

Кырсыктан жабыркаган эки айдоочу ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда автоунаалар убактылуу короо жайына токтотулуп, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий