• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сокулукта 61 жаштагы киши вагон менен кошо күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Сокулук районунун Шопоков шаарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ала-Арча жана Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде вагон күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 1957-жылкы Т.Н., аттуу киши күйүп каза болгон. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жансыз денени алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий