• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Өрт өчүрүлдү, кафе эмес, чыгармачылык студиясы күйүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Борбор калаадагы Москва менен Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттан чыккан өрт толугу менен саат 23:50дө өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Өрт кафеден эмес, чыгармачылык студиясынан чыккандыгы белгилүү болду. Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМден шаардын чок ортосундагы кафеден өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөндүгүн кабарлашкан.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери тактала элек.

Пикир

Оставить комментарий