• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыз турмушка чыгайын деп жаткан: Эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын чоо-жайы

Кырсык 0


Бишкек, 03.10.18. /Кабар/. Бишкекте 9-апрелде Чыңгыз Айтматов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталган. Бирок күнөөлүү жазасын алган жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган кырсыкка күнөөлөнгөн адамдын мыйзамдуу өкүлү Исмаил Токобаев билдирди.

Анын айтымында, ошол күнү саат 23:40 чамасында А.О. аттуу жаран “Хонда-Джаз” үлгүсүндөгү автоунаада түштүктү көздөй саатына 100 чакырым ылдамдык менен бара жаткан. Жол чырактын кызыл өңү күйүп турганда жолдон өтүп, “Дэу Матиз” унаасынын сол бөлүгүн сүзгөн. Ал солго бурулуп жаткан. Бир нече метрден кийин “Хонда Джаз” “Хонда Фит” менен кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен “Хонда Джаз” унаасынын айдоочусунун апасы окуя болгон жерде каза болгон. Экинчи жүргүнчү Каныкей Алмазбекованы 4 шаардык ооруканага жеткиришкен. Бир жарым айдан соң ал дагы көз жумган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында “Матиздин” айдоочусу Т.у.А кармалган. Ал эми “Хонда Джаздын” айдоочусун 48 сааттан соң коё беришкен.

Токобаев аталган кылмышты “Матиздин” эле айдоочусуна жүктөп жатышат деп эсептейт. Ал саатына 20 чакырым ылдамдык менен эле айдап бара жаткан. Кырсык болгон жерге чуркап келген таксисттер “Хонда Джаздын” айдоочусу мас абалда болгонун айтышкан. Бирок экспертиза анын соо болгондугун көрсөткөн.

“Ал жерде 8 видеокамера турат. Жол өкмөттүк болгондуктан алар дайыма иштейт. Эмне үчүн тергөө ал видеолорду колдонбой жатат?” – деди ал.

“Матиздин” айдоочусун эмне үчүн күнөөлөп жатышат?

Соттук экспертизанын жыйынтыгында аталган жолдун тилкесинен бурулууга болбой тургандыгы айтылган.

Күнөөлөнүп жаткан адамдын атасы Бороев Талайбекдин айтымында, анын баласы беш айдан бери олтурат, сот бардыгын кезеги менен карап жатат. Андан тышкары ал Каныкей тирүү болгон учурда ага дарыларды алып берүүгө жардам беришкендигин айтты.

“Кабарга” Каныкейдин агасы – Арзымат Алмазбеков келип, атасы да мурда жол кырсыгынан каза болгондугун айтып берди. Үй-бүлөдө үчөө болчу, Каныкей эң кичүүсү болгон, ал ноябрь айында турмушка чыкканы даярданып жаткан.

“Мага тайжем чалып, карындашым жол кырсыгына кабылганын, оор абалда экенин айтты. Алгачкы күндөрү “Хонда Джаздын” айдоочусу жардам берди, дары-дармектерди алып келип, баарын төлөп жатты. Бирок “Матиздин” айдоочусун камакка алышканда ал жоголуп кетти. “Матиздин” айдоочусунун ата-энеси келип, кечирим сурашты. 10 күндөй жардам беришти. Андан кийин алар да жоголуп кетишти. Орозо айынын акыркы күндөрү болчу. Биз мечитте отурганда ооруканадан чалышып, карындашыма кан керек экендигин айтышты. Бирок ал жан берген экен. Эч ким келген жок. Баары бири-бирин күнөөлөп жатышты. Бирок эч ким Каныкей тууралуу сураган жок”, - деди агасы.

Ал сот адилет чечим чыгарарына үмүттөнөрүн билдирип, “Матиздин” айдоочусу темир тор артында отуруп, жогорку ылдамдыкта келе жаткан “Хонданын” айдоочусу эркиндикте жүргөнү адилетсиз экендигин белгилеп өттү.

Хонданын айдоочусуна карата 15-августта үй камагына алуу тууралуу чечим чыкканы көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий