• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайдагы 6,5 баллдык жер титирөө Кыргызстандын аймагында да сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Күн мурун, 19-январда болжол менен саат 19:27де Кытайдын аймагында очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Кыргызстандын аймагында да сезилген, тактап айтсак, Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3 балл, Нарын шаарында 2,5 балл жана Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий