• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун 426-чакырымында Mercedes-Benz 814 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай кырсыкка учураган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, натыйжада унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын 48 жаштагы М.К. аттуу айдоочусу жабыркаган.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаганды тез жардам кызматы Таш-Көмүр шаардык ооруканага алып кеткен. Абалы орто.

Пикир

Оставить комментарий