• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда турак үйдөн өрт чыгып, 3 адам денесинен күйүк алды

Кырсык 0

Бишкек, 13.09.18. /Кабар/. Аламүдүн районундагы Ленин айылынын Коммунарская көчөсүндө жайгашкан №98 турак үйдөн жана сарайдан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн үйдүн жалпы 136 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган чатыры күйгөн.

“Өрттүн кесепетинен 1979-жылкы А.Д., жана 1980-жылы туулган Е.Д., 1940-жылы туулган В.Л. аттуу жарандар денесинен 5% күйүк алган. Алар тез жардам кызматкерлери тарабынан райондук ооруканага жеткирилген”, - деп билдиришти ӨКМ кызматынан.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий