• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жер алдындагы суу түтүгү жарылып, жеңил унаанын айдоочусу жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 10.06.22./Кабар/. Бишкектин Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жер алдындагы суу түтүгү жарылган. Кырсык байкоо камерасына түшүп калган.

Агенттикке Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, түтүк жарылган убакта Nissan үлгүсүндөгү унаа өтүп бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жабыркап, унаага материалдык зыян келтирилген.

Учурда «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасынын кызматкерлери аталган тилкеде сууну өчүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий