• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто таанышына 23 ирет бычак сайып өлтүргөн жаш жигит кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 15.08.20. /Кабар/. Ошто таанышына 23 ирет бычак сайып өлтүргөн жаш жигит кармалды, - деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 10-август күнү болжол менен саат 01:00дө Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын тургуну телефон аркылуу байланышып, коңшусун белгисиз адам өз үйүнүн подъездинде бычактап кеткендигин билдирген.

Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барган учурда Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын тургуну 1980-жылы туулган Ж.К., денесинин ар кайсы жерине 23 ирет учтүү нерсе менен сайылып каза болгондугу аныкталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө-издөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү делип Ош облусунун Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Б. уулу А., аттуу тургуну кармалган.

"Шектүү алыскы жолго чыгууга камынып жаткан жеринен колго түштү", - деп кошумчалашты милициядан.

Шектүү жигит Ош шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Каза болгон жаран 3-топтогу майып экендиги аныкталган.

"Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, шектүү менен маркум өз ара тааныш болгон. Окуядан туура 5-6 күн мурда аталган батирде ичимдик ичип отурушуп өз ара түшүнбөстүктөн улам чырдаша кетишкен. Натыйжада шектүү ички таарынычы менен үйдөн чыгып кеткен. Андан соң ошол таарынычынан улам өч алуу максатында бычак алып келип, үй ээсин сыртка чакырып, маркум чыгаары менен токтоосуз 23 ирет денесинин ар кайсы жерине бычактаган", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Үчурда шектүүнүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Шектүүнүн үстүнөн “адам өлтүрүү” беренеси менен тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий