• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагында бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.23./Кабар/. Өлкө аймагында бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 3, Чүй облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Итагар айылында жыгач устундуу тунике менен жабылган, жалпы аянты 168 чарчы метр болгон сарай күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын шаарында “Ауди 100” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий