• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дайынсыз жоголгон Сокулук районунун жашоочусу изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Сокулук районунун ички иштер бөлүмү 56 жаштагы Мундузбаева Акылбүбү Курманалиеваны издөөдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Мундузбаева 2019-жылы июнь айында Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылына караштуу Ак-Ордо конушундагы Салкын-Төр көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 160-165 см, арык чырай, чачы кара ийининен.

"А.Мундузбаеваны көргөн-билгендер болсо, же кайда жүргөнү тууралуу маалыматы барлар төмөнкү нормерлерге чалып, кабарлап коюну суранабыз: 0558 86-14-86, 0709 35-35-29", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий