• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкөдө накталай чет элдик валютанын тартыштыгы жок – Улуттук банк

Экономика 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Жалпысынан Кыргызстанда валюта рыногундагы абал туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банкттын Банктык Көзөмөл башкармалыгынын башчысы Эмил Сарыажиев билдирди.

Анын айтымында, чет накталай элдик валютанынын тартыштыгы байкалбайт.

"Жалпысынан рублдин курсунун өзгөрмөлүүлүгүнө келсек, рыноктук механизмдер рублга жана башка валюталарга карата курсту жөнгө салат. Улуттук банк зарыл болгон учурда банк секторуна жана акча алмаштыруу жайларына даттануулар же мыйзам бузуулар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзөт. Валюта рыногундагы абал да тынымсыз көзөмөлдөнүп турат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий