• 88.68
  • 95
  • 0.95

Интернет-эквайринг. Бир айда паспорт алуу үчүн 200дөн ашуун онлайн төлөм жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 25.04.23./Кабар/. Интернет-эквайринг аркылуу бир айда паспорт алуу үчүн 200дөн ашык онлайн төлөм жүргүзүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда Интернет-эквайринг технологиясы март айында иштеп баштаган.

Кыргызстандын жарандары 17 мамлекетте Интернет-эквайринг технологиясын колдоно алышты. Биринчи айда кызмат аркылуу 238 ийгиликтүү төлөмдөр жүргүзүлгөн. Германиядан – 67, Казакстандан – 46, АКШдан – 41, Түркиядан – 31 онлайн-төлөм өттү.

Белгилей кетсек, төлөм карталарын кармоочулар үчүн сайт аркылуу төлөм жүргүзүүдө комиссия кызмат көрсөтүүнүн наркынын 2,5% ын түзөт.

Тез онлайн төлөм жүргүзүү үчүн, өтүнмө ээси:

1) payment.infocom.kg сайтына кирет;

2) кызмат үчүн төлөм кодун терет;

3) банк картасынын реквизиттерин киргизип, төлөө баскычын басышы керек.

Сервисте төлөм жүргүзгөн күнгө карата КР Улуттук банкынын курсу боюнча валютаны сомго автоматтык түрдө конвертациялоо каралган.

Жакынкы арада калкты жана транспорт каражаттарын каттоо, айдоочулук күбөлүктү, "Мекен карт" берүү кызматтары үчүн онлайн төлөмдөрүн кабыл алууну киргизүү пландаштырылууда.

Интернет-эквайринг - бул Кыргызстандын жарандарына чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө паспорт жана ID-картаны даярдоо кызматтары үчүн “Элкарт”, “Visa”, “MasterCard” банк карталары аркылуу онлайн-төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген технология.

Пикир

Оставить комментарий