• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда депозитке акча салгандар үчүн төлөнүүчү кенемтенин көлөмү көбөйтүлдү

Экономика 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Кыргызстанда банкка депозитке (аманат) акча салгандар үчүн кепилдик учур пайда болгондо төлөнүүчү кенемтенин көлөмү көбөйтүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, ага КР президенти үстүбүздөгү жылы 23-майда кол койгон.

"Ага ылайык, 10-июндан тартып аманатчы акча салган банк же финансы-кредиттик уюм банкрот болсо, башкача айтканда кепилдик учур келип чыкса агенттик аманатчыга 1 млн сомдон ашпаган кенемте төлөп берет. Буга чейин 200 миң сомдон ашпаган кенемте төлөнүп келген", - деди ал.


КР Депозиттерди коргоо агенттиги 2008-жылы жеке адамдардын коммерциялык банктардагы аманатын (депозиттерин) милдеттүү түрдө коргоо системасын киргизүү максатында түзүлгөн. Депозиттерди коргоо системасы “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” КР мыйзамы менен жөнгө салынат жана депозиттерди коргоо системасына кирген банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аманатчыларынын кызыкчылыктарын коргоого багытталган, гарантия учуру болгон учурда аманаттар боюнча аманатчыларга компенсация төлөп берет.

Учурда депозиттерди коргоо системасына 23 коммерциялык банк жана 1 микрофинансылык компания жана бир турак жай-сактык кредиттик компания кирген.

Пикир

Оставить комментарий