• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда ишкерлик чөйрөсүндөгү бардык нормативдик-укуктук актылар кайра каралып чыккан

Экономика 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Кыргызстанда ишкердик чөйрөсүндөгү бардык нормативдик-укуктук актылар кайра каралып чыккан. Бул тууралуу “Бизнестин ишкердик тартиби” аттуу тегерек столдо Жөнгө салуунун системалуу анализи долбоорунун жетекчиси Нурмамат Токтоматов билдирди.

Анын айтымында, ошондой эле бизнести өнүктүрүү жана ишкерлердин чыгымын кыскартууну шарттаган сунуштамаларга анализ жүргүзүлүп, көрсөтүлдү.

“Бул бизнестин чыгымын 1 млрд сомго кыскартмакчы. Ушундай анализ аркылуу бардык коллизия жана кайталоолор жоюлуп, коррупциялык тобокелдиктер азайып, мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу ыкмалары сунуштала турганын белгилей кетүү зарыл”,-деди ал.

Муну менен катар Н.Токтоматов нормативдик-укуктук актылар менен катар жөнгө салуу аракеттерине анализ жүргүзүү саясатын жүзөгө ашыруу дагы каралат деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий