• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө унаа токтотуучу жайдан өрт чыгып, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.22. /Кабар/. Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында унаа токтотуучу жайдан өрт чыгып, бир адам каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 06:48де 1 бөлүм тартылып, саат 07:34дө өрт чектөөгө алынган. Толугу менен өрт саат 08:06да өчүрүлгөн.

"Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1970-жылы туулган Н.В. аттуу эркек каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий