• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Самбонун өнүгүүсүнө кыргыз күрөшүнүн салымы чоң – Шестаков

Спорт 0

Бишкек, 11.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Самбонун өнүгүүсүнө кыргыз күрөшүнүн салымы чоң. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков билдирди.

"Самбонун өнүгүүсүнө Кыргызстандын жардамы чоң. Анткени силердеги күрөш (ред.: кыргыз күрөшү) бар эмеспи, самбого айрым ыкмалар ошондон алынган. Кыргызстан дагы спорттун бул түрүнүн түзүүчүсү катары өзүн эсептей алат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкектин "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрь күндөрү алгачкы жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун- 4000 доллар;

2-орун- 3000 доллар;

3-орун- 2000 доллар.

Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу катышат.

Пикир

Оставить комментарий