• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкектеги самбо боюнча дүйнө чемпионатына даярдык жогорку деңгээлде экен – Шестаков

Спорт 0

Бишкек, 11.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги самбо боюнча дүйнө чемпионатына даярдык жогорку деңгээлде экен. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Эл аралык самбо федерациясынын президенти Василий Шестаков билдирди.

Шестаков Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, министрлер кабинетине жана спорт тармагынын кызматкерлерине мелдешти өткөрүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип кетти.

"Россия, Грузия, Өзбекстан, Казакстандын курамалары турнирдин күчтүү командалары катары эсептелет. Кыргызстандык спортчулардын арасында да күчтүү балбандар бар", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкектин "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда 11-13-ноябрь күндөрү алгачкы жолу самбо боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

Эркектер: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору;

Кыз-келиндер: 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80 кг жогору;

Күжүрмөн самбо: 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98 кг жогору.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзөт.

1-орун- 4000 доллар;

2-орун- 3000 доллар;

3-орун- 2000 доллар.

Кыргызстандын атынан дүйнө чемпионатына 21 спортчу катышат.

Пикир

Оставить комментарий