• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Си Цзиньпин: Кытай Кыргызстан менен пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого даяр

Саясат 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Кытай Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого даяр. Бул тууралуу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 15-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында өттү.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Си Цзиньпин Кытай Кыргызстандын реформаларды өткөрүү боюнча аракеттерин колдоорун баса белгиледи.

«Кыргызстан „Кыргызстан менен Кытайдын бирдиктүү тагдыры коомчулугунун“ калкагында КЭРдин эң достук коңшуларынын жана жакын өнөктөштөрүнүн бири. Сиздердин Республика КЭРдин тышкы саясатында маанилуу орунду ээлейт. Биз өз ара колдоону бекемдеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого даярбыз», — деди ал.

Кытайдын лидери эки тараптуу кызматташуунун алкагында эки мамлекеттин алдында турган артыкчылыктуу милдеттерди атады. Атап айтканда, товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча орто жана узак мөөнөттүү милдеттер. Си Цзиньпин кытай тараптын Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Ал Кытай «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун, Чүй облусунда ирригациялык каналдарды куруу долбоорун, жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүнү колдоорун жана кызыкдар экенин белгиледи.

Ошондой эле, КЭР төрагасы кытай тарап БУУнун алкагында Кыргызстан менен кызматташууну бекемдөөгө жана эл аралык аянтчада кыргыз тараптын демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий