• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен адам куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Бишкекте чуңкурга түшүп кеткен адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1954-жылы туулган Я.Ш. аттуу жаран Бишкек шаарынын Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан гараждын айланасында чуңкурга түшүп кеткен.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, жабыркаган жаранды аркан менен алып чыгып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий