• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто көк бөрү оюну учурунда каза болгон 12 жаштагы баланын ата-энеси арыз жазган жок - ШИИБ

Кырсык 0

Бишкек, 26.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ошто көк бөрү оюну учурунда каза болгон 12 жаштагы баланын ата-энеси милицияга арыз жазышкан жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Милициядан кабарлашкандай, ата-энесинен арыз келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу аталган факты боюнча кылмыш иши козголбойт.

Бул кокустук. Бала айылдын четиндеги оюнду көргөнү келген. Оюн учурунда оюнчулардын аттары бала тарапка чуркашкан. Улакчылардын бири катуу ылдамдыкта келип баланы коюп кеткен. Натыйжада бала каза болгон”,-деп түшүндүрүштү милициядан.

Маалыматка ылайык, көк бөрүдө баланын атасы жана агасы да катышып жатышкан.

“Учурда абалды иликтөө жүрүп жатат. Оюндун уюштуруучуларына карата чара көрүлөт”,-деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий