• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Аламүдүн районунда сууга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Аламүдүн районунда сууга түшүп кеткен 10 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Дордой-2 конушунун аймагынан агып өткөн кичи Чүй каналына 2013-жылы туулган Б.Ө. аттуу жаш бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу, туугандарынан жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган, бирок натыйжа болбогондуктан издөө иш-чаралары убактылуу токтотулду. 19-январь күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий