• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мас айдоочулардын саны 76 пайызга кыскарды

Коом 0

Бишкек, 03.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда мас айдоочулардын саны 76 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Акыркы бир жума ичинде республика боюнча мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу аныкталды. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 237 мас абалында унаа башкарган айдоочулар аныкталган.

“Демек, талдоо көрсөтүп тургандай, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 76 пайызга азайган. Анын себеби 8-марттан тартып күчүнө күчүнө кирген катаал жазалар себеп болууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий