• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими" сынагынын республикалык этабы башталды

Коом 0

Бишкек, 03.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаарында 2022-2023-окуу жылындагы "Мыкты мугалим", "Мыкты тарбиячы" жана "Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мыкты мугалим" наамдарына талапкерлердин сынагынын республикалык этабы башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, республикалык деңгээлдеги сынактын 1-турунун ачылыш аземине Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Кыялбек Акматов катышты.

Республикалык этап эки баскычты камтыйт, анда облустук этаптын жеңүүчүлөрү сынактык сабактарды сунуштайт, тесттик тапшырмаларды аткарып, педагогикалык чеберчилик боюнча бетачарды тартуулап, педагогикалык кырдаалды чечүү боюнча тренингдерге катышышат.

Сынактын республикалык этабын салтанаттуу жыйынтыктоо 5-октябрда саат 12:30да "Сейтек" балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий