• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кар көчкү түшөт! ӨКМ чукул билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, алыс жолго аттанган айдоочуларды этият болууга чакырды.

Министрликтин билдирүүсүнө караганда, 14нөн 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.

Алсак, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 58-113-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка – АК-ТАШ унаа жолунун 2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий