• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде бажычылар контрабандалык медициналык эритмелерди аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Баткенде контрабандалык медициналык эритмелер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында А.К.А. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда унаадан 100 даана санында 230 куту медициналык эритмелер табылган. Жүктүн бажылык жактан таризделгенин тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Кармалган товардын жалпы салмагы 2875 кг түздү. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 920 сомду түздү.

Бул факт боюнча материалдар “Түштүк-Батыш” бажысына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий