• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мыйзамсыз жазылып берилген дарылар боюнча мамлекетке дээрлик 4 млн сом зыян келтирилген

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Панфилов районунда мыйзамсыз жазылып берилген дары-дармек каражаттары боюнча мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан үй-бүлөлүк дарыгерлердин арыздарынын негизинде Панфилов районунун жалпы дарыгерлер практикалык борборунда текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өткөн жылдын 9 айында белгисиз адамдар электрондук рецепт маалымат тутумун пайдаланып, өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында Панфилов районунун жалпы дарыгерлер борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлеринин тутумга кирүү мүмкүнчүлүгүн (логин жана пароль) колдонуп, жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сомдук 3657 электрондук рецепт, анын ичинде каза болгон 66 каза болгон адамдардын наамына жазылып калгандыгы аныкталган.

Ошондой эле калкты жеңилдетилген баадагы дары-дармек менен камсыздоо программасын ишке ашырууга катышкан дарыканалардан 3657 электрондук рецепт боюнча дары-дармектер мыйзамсыз берилип кеткен.

Жүргүзүлгөн мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сом өлчөмүндөгү акча каражаты фармацевтикалык компанияларга которулуп берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий