• 88.68
  • 95
  • 0.95

350 миң сом. Чүй электр тармактар ишканасынын инженери пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-январда атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш- чараларынын негизинде 350 миң сом акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М.З. кармалды.

Ал Аламүдүн РЭСинин начальниги кызматына дайындоо үчүн Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган.

Учурда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси ("Пара берүү") боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий