• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең, 28-мартта саат 9:00дөн 22:00гө чейин шаардын Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам-Алик конуштарына, ошондой эле Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Ж.Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Ичүүчү суу «Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий