• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 2018 –жылдын 19-апрелинде, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына арналган “Конституциянын үстөмдүгү жана анын түздөн-түз колдонулушу: Конституциянын укуктук корголушун камсыз кылуу маселелери” деген аталыштагы эл аралык конференция өз ишин баштады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева бул маанилүү иш чарада актуалдуу укуктук маселелерди талкуулоо, тажрыйба алмашууга жана конституционализмди терең түшүнүүгө көмөктөшөрүн белгиледи.

Мындан тышкары А. Токбаева бүгүнкү эл аралык конференциянын темасы маанилүү экендигин айтып, өлкөнүн Конституциясы жогорку юридикалык күчкө ээ болуп, Баш мыйзамдын негизинде конституциялык мыйзамдар жана башка нормативдик актылар кабыл алынып жаткандыгын белгиледи.

Төрайым бүгүнкү иш чара улуттук укуктук системанын өнүгүшүнө салымын кошуп, мамлекеттер аралык мамилелердин мындан аркы бекемделишине шарт түзөөрүн кошумчалады.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жогорку сот органы катары өз алдынча конституциялык көзөмөл жүргүзүп, мамлекеттин Баш мыйзамы – Конституциянын үстөмдүгүн камсыз кылат.

Конституциялык палатанын чечимдери улуттук мыйзамдардын өнүгүшү үчүн шарттарды түзүп, болуп жаткан карама-каршылыктарды жоюуп, ошонун негизинде Конституциянын Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында колдонулушун кепилдик кыла алат.

Эл аралык конференциянын ишине конституциялык соттордун төрагалары менен судьялары жана ушул багытта иштеген чет өлкөдөгү органдардын, Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттик жана Өкмөттүн, ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратынын, мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн,эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышууда.

Конференциянын жүрүшүндө анын катышуучулары Конституциянын үстөмдүгүн жана мамлекеттеги конституциялык туруктуулукту камсыз кылууда конституциялык көзөмөлдүн ролу туурасында докладдар менен чыгышат.

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган эл аралык конференцияны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы «Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү» Европа Биримдигинин долбоорунун колдоосу менен биргеликте уюштуруп жатат.

Пикир

Оставить комментарий