• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТҮРКСОЙдо Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанат өттү

Маданият 0

Бишкек, 19.04.18 /Кабар/. Түркиянын борбору Анкарада Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов салтанатта сөз сүйлөдү.

Ошондой эле С.Жумагулов кыргыз бермети Ысык-Көлдө “Айтматов жана учур сыноолору (вызовы)” аттуу дүйнөлүк интеллектуалдардын форуму өтөөрүн маалымдады. Буга байланыштуу Кыргызстандын элинин жана Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Өкмөтүнө чын дилден ыраазычылык жолдоду.

Эске сала кетсек, Анкарада Чыңгыз Айтматов жылынын ачылыш салтанаты ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин чечими менен кабыл алынган.

Иш-чара 2018-жылдын 19-22-апрелине чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий