• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мэр буйрукка кол койду. Бишкек мэриясы 4-апрелден тарта жылуулук берүү токтотуларын эскертет

Коом 0

Бишкек, 01.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 4-апрелинде Бишкек шаарында жылуулук берүү токтотулат.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров борбор калаада жылытуу мезгилин жыйынтыктоо боюнча буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, Бишкек шаарында апрель айына болжолдонгон аба ырайын эске алуу менен 2021-2022-жылдарга жылуулук берүү мезгили 2022-жылдын 4-апрелинен тартып аяктады деп эсептелет.

Бишкек шаарынын ЖЭБине, «Бишкекжылуулуктармагы» ААКсына, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына жана ведомстволук отканалардын жетекчилерине имараттарды жылуулук менен камсыз кылуучу жабдууларын өчүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий